Өзүнүн жакшы сапаттары, адамгерчилиги менен элге белгилүү болуп, эл оозунда айтыла баштоо. Нүзүптүн даңкы бүткүл Таласка жайылды, ага кошумча өзүнүн түз сөздүүлүгү, сыпаачылыгы менен оозго кирип, элге алынат, мырза атыгып, күндөн күнгө кадыры артты, досу, курдашы, санаалашы көбөйдү (Касымбеков). Тунгуч аш-тойго барып балбанга түшүп, ошондон оозго кирет (Осмоналиев). Асанбек оозго кирди, атагы берки айылдан аркы айылга кетти (Осмоналиев).
Өзүнүн жакшы сапаттары, адамгерчилиги менен элге белгилүү болуп, эл оозунда айтыла баштоо. Нүзүптүн даңкы бүткүл Таласка жайылды, ага кошумча өзүнүн түз сөздүүлүгү, сыпаачылыгы менен оозго кирип, элге алынып, мырза атыгып, күндөн күнгө кадыры артты, досу, курдашы, санаалашы көбөйдү (Касымбеков). Тунгуч аш-тойго барып балбанга түшүп, ошондон оозго кирет (Осмоналиев). Асанбек оозго кирди, атагы берки айылдан аркы айылга кетти (Осмоналиев). В.: Оозго алынуу. Жүрүш-турушу менен тез эле оозго алынып кеткен жеңебиздин эмгегине да эл ыраазы. Анын үстүнө орто мектепти дурус бүтүп, анча-мынча оозго алынып калган (Мавлянов). Жылдызкан дароо эле оозго алынды (Байтемиров). Оозго илинүү. Кече гана көчөдө топ кубалап жүргөн балакай бир эле күнү күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө жетип, жарданган көпчүлүктүн оозуна илинет (Айтматов). Мурун эл ичинде көрүнгөнгө түрткү болуп жүргөн кишилер да аштыкка бир чыгып келип, оозго илинди (Нурпеисов). Эл оозуна кирүү. Эл оозуна кирип, көпчүлүккө таанымал болуп калышты. Жигит атка конуп, эл оозуна кирди («Кыргызстан маданияты»). Топ аралап, эл оозуна кирип, жакшы атанып кетүүгө дилгир жаш уландар эмес... (Касымбеков).